Анда эмесе сөз башынан болсун. Назарыбызды 15-20 жыл мурунку модага оодарсак. Ал кезде союз ыдырап, коммунизми кошо жоголуп, кыргызымды капиталисттик базар экономикасы каптаган. Анын артынан соода, бизнес, иномарка, компьютерлер жана уюлдук телефондор келди. Ошол иномаркаларды, уюлдук телефондорду жаңы кыргыздар минип, колдонуп, өзүнчө "крутой" деген атка конуп бапырап, элге үлгүдөй көрүнүшчү. Муну айтканымдын себеби, ал кездеги "крутой" байкелерибиз, мерседестен түшпөй, кафелерден өлөрчө тамакка тоюп, курсак байлап сонун пиджак-костюмдарды кийип "солидный" көрүнүп, карапайым эр азаматтарыбыз ошолордой болгусу келчү.
Чынында мага деле курсактуу киши, аябай берекелүү жана капчыктуу көрүнчү. Оюмда курсагын ушунча чоңойтконуна караганда бир топ акча жумшаса керек деп койчумун.
Эми кеп чындыкка карай болсун. Жакында мамлекетибиздин алдыңкы доктурларынын бири менен маек куруп отуруп, сурап калдым. Акыркы жылдары коомдо инсульт, инфаркт жана башка адамды аябаган дарттар пайда болду, доктур эмессиңби, билесиң го, себебин айтчы дедим. (Ичимен доктур мурунку эле нерв, депрессия, кыжалат, кан басымы, жакырчылык, тамеки тартуу маңызындагы мисалдарды келтирет го деп турдум).
Аңгыча доктур мырза "эми чынында элибиз тамакты көп жегенден жанагы сен айтып аткан балакеттерге кабылып жатат" деп калды. Мындай жоопту күтпөгөн жаным кайра сурадым "тамакты кенен жегенден дейсиңби" деп. Докем:
— Аман, сен акыркы жолу ачкадан бирөө өлүптүр дегенди качан уктуң эле?— деп кайра мага суроо узатты.
Эмнегедир ачкачылыктан эл кыйналып өлүп атат деген сөз эсиме жылуу учурап, өзүм маалымат жаатында иштеп көп нерсе окуп билип жүргөнүмө ишенип эстей баштадым.
Чындап "ачкадан өлүптүр" деген окуялардан эстей албай ичимен бир жолу шүгүр деп:
— Ийи, макул, менин эсиме таянсак эч ким өлбөптүр, — дедим.
Анда ал күлүп, "мына көрдүңбү, ачкадан азырынча эч ким өлө элек, а семирип кетип, ар кайсы ооруга чалдыккандардын саны күндөн күнгө өсүүдө" деди.