БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Красноярск аймагынын Есаулов районунда чагылган тийип, каза болгон киши туулган күнүн белгилеп жаткан. Бул туурасында ИИМдин аймактык башкармалыгынын жетекчиси Владимир Юрченко кабарлады.
Анын айтымында, ал киши дарыянын жээгинде үй-бүлөсү менен отурганда жан таслим болду.
"Ал 1959-жылы Есаулов айылында туулган. Каза болгон күнү туулган күнүн белгилеп жаткан", — деп айткан Юрченко.
Учурда полиция кырсыктын чоо-жайын тактап жатат.