БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Алдамчылык жолу менен 5000 доллар алышты делгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-июль күнү милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2015-жылдын ноябрь айында эки таанышы 5000 долларын алдамчылык жолу менен алып койгону тууралуу айтылат.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү делинип 27 жана 34 жаштагы Бишкектин тургундары кармалды.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.