БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Анык алкагында россиялык искусство чеберлери, "Терема" деп аталган улуттук музыкалык аспаптар оркестри концерт берет.
Салтанатты Кыргызстан жана Россиянын маданият министрлери Алтынбек Максутов менен Сергей Обрывалин ачат.
Ал эми филармониянын фойесинде россиялык балдардын колунан жаралган "Россия дүйнөсү" аттуу көргөзмө өтөт.