БИШКЕК, 30-июн. – Sputnik. Оштун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнө караштуу бир катар айылдарда спирт ичимдиктери сатылбай калды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Айыл өкмөт башчы Жамшит Маданбаевдин айтымында 2015-жылдын ноябрь айында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн улам тоолуу Тээке айылынын тургундары дүкөндөрдө спирттик ичимдиктерди жок кылуу демилгесин көтөрүшкөн.
"Катуу жүргөн селден улам Лаглан айылындагы арак-шарап көп сатылган дүкөн кыйроого учурап, товарлары сууга агып кеткен. Бул көрүнүш элдин аталган демилгени колдошуна түрткү берди", — деди Маданбаев.
Мады айыл өкмөтүндө 11 айыл бар. Калган айылдарга спирттик ичимдиктерди азайтуу боюнча үгүт иштери жүрүп жатат.