БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Галина Скрипкинанын ордуна тизмедеги талапкер Максат Эгембердиев депутат болуп келди. Бул туурасында аталган фракциянын катчылыгы билдирди.
Белгилей кетсек, Скрипкина Евразиялык экономикалык биримдиктин судьясы болуп дайындалгандыктан өз ыктыяры менен арыз жазган.
Боршайкомдон Эгембердиевге депутаттык мандат жана төш белги тапшырылды.