БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бүгүн таңкы сааты 03:38де Кыргызстан менен Тажикстан чек арасында 7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын очогу Алай тоо кыркаларында жайгашканын ӨКМ Сейсмология Институтуна шилтеме берүү менен билдирди.
Жер титирөө Ош облусунун Бор-Дөбө айылында 7 балл, Сары-Таш, Арча-Булак, Кара-Киндик айылдарында 6 балл, Нура, Эркештам айылдарында 5-6 балл болуп сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок. Жеринде тактоо үчүн КР ӨКМдин ыкчам тобу чыгып кетти.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы 26-июндан 29-июнга чейин кыргыз, тажик жана кытай чек арасында, Алай тоо кыркаларында баардыгы болуп 3 баллдан 7 баллга чейинки жер титирөө 35 ирет кайталанган. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.