00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Киноблог
"Чемпион": фильм о мечте, преодолении и победе
14:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан менен Россия билим берүү жаатында алакасын жакшыртууда – министрдин жумушчу сапары кандай жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар. Өлкөдө 10.15. Бачабаздардын тагдыры күзүндө чечилмей болду

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыбаңыздар, мекендештер. Бүгүн күнгө шейшемби.

Жакшы кабар! Россия кыргыз продукциясын чек арадан текшерүүсүз өткөрмөй болду. Тез бузулуучу продукцияны Кыргызстандан ташып бараткан унаалар мындан ары казак-орус чек арасынан токтоосуз өтөрү айтылды. Кубанбай турган кабарбы анан! Болбосо чек арадан өтпөй калып канча мээнет, канча түйшүк жаратчу эле… 

Интернет технологиянын эң маанилүү делген борборундагы боз үй. АКШнын Калифорниясындагы Google X бөлүмүнүн кеңсесине боз үй тигилди. Маунтин-Вью шаарындагы кыргыз үйдө эми компаниянын ар кыл жолугушуулары өтүп турмакчы.

Аба майданындагы ачык маанай."Жайкы Давос-2016" эл аралык экономикалык форумуна катышуу үчүн Кытайга келген премьер-министр Сооронбай Жээнбековду жекшемби күнү Тяньцзинь шаарында атайын делегация жана жаркылдаган жакшынакай кыздар тосуп алды.

ЖК төрагасы менен экс-министрдин башына кара булут айланып жатабы? Гезиттер күздө парламент спикери Чыныбай Турсунбеков баштаган бир катар аткаминерлердин кызматтан кетерин божомолдоп жана экс-министр Мелис Турганбаевдин өмүрүнө коркунуч келип жатат деген маанайда жазган. Sputnik Кыргызстан мындай маалыматтардын чын-төгүнүн билүү үчүн алар менен байланышып көрдү. Жообу, бир сөз менен айтканда, "кербен жүрө берет" деген сөз болду. 

Сөйкө-шакекке жакын ууру жигит. "Дордойдогу" дүкөндөн 216 алтын шакек, 108 сөйкө, алтын билериктерди алып кеткен 30 жашагы жигит кармалды. Кызыл шапкечендер марттан бери изинен түшүп жүрүп, жакынкы күндөрү кармаган. Милициянын укуругу узу-уун, урматтуу уурулар. 

БШКны экинчи ирет аял киши жетектемей болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси жана мүчөлөрүнүн курамы алмашты. Төрайымдыкка Нуржан Шайлдабекова келди. Бул БШКнын тарыхында аял киши жетектеген экинчи учур, аталган комиссияны 2007-2008-жылдары Клара Кабилова башкарган эле. 

Бачабаздардын паччагын чыгарабыз дешти. Өлкөдө педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча дагы 7 миңден ашык кишинин колу топтолду. Бул иштин демилгечилери күздөн тарта шымалана киришип, колдун санын 30 миңге жеткирүүгө ниеттенишүүдө. Эгерде демилге коомдун колдоосуна ээ болсо референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизилиши мүмкүндүгү айтылууда. 

Зилзала тоо кыркаларында да байкалды. Эки күндө Алай тоо кыркаларында 29 жолу жер титирегенин ӨКМ билдирди. Ал эми адистер Кыргызстанда бир сутка ичинде  100 жолу жер чайпалганын айтышкан эле. 

Социалдык тармак мадылдын ажалына арачы болду. Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында жергиликтүүлөр кармап алган мадылдын тагдыры туурасында интернетке маалымат тарап, аны шашылып жетип барган адистер сактап калды. Себеби, мадылдын терисин сыйрып, кеп кылып катырып зоомузейге коюуну пландашканы айтылган. Эми айры буттуулар бул жаныбардын эсинде өмүр бою сакталса керек…

Ааламда. Мессинин жылдызы жанбай… Алтын топтун ээси, замандын эң күчтүү футболчуларынын бири, атактуу Лионель Мессинин иши жүрүшпөй жаткандай. Америка Кубогунун финалдык беттешинде Аргентина төрт ирет финалда ойногон. Мунусунуда команда капитаны пенальтиден гол киргизе албай калды. Ошентип, көзгө жаш алган Месси улуттук курамадан кете турганын айтты

Аптап адамдарды кылмыш жасоого түртөт экен. Окумуштуулардын ысык көбөйгөндө "күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин" маанайында болуп калышаарын айтышкан.

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.38 (сатып алуу) жана 67.56 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 38 сом, Аи-92 андан 3 сомго арзан, тагыраагы 35, ал эми дизель майы 30,5 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Пайгамбар барына ыраазы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0