Премьер Жээнбековду Кытайдан кандай тосуп алышты

Жазылуу
Экономикалык форумга 90 мамлекеттен өкүлдөр келген. Анын ичинен Кыргызстан, Түштүк Корея жана Кытай мамлекеттеринин премьер-министрлери катышууда.

Жекшемби күнү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 26-25-июнь күндөрү өтө турган "Жайкы Давос-2016" эл аралык экономикалык форумуна катышуу үчүн Кытайдын Тяньцзинь шаарына келди

Кытайдагы завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Жээнбеков "Чжунхуан" кремний заводу менен таанышты
Кыргызстандык делегация Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян жана Дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти Клаус Шваб менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

"Жайкы Давос" биринчи жолу 2007-жылы өтүп, андан кийин жыл сайын уюштурулуп, быйыл 10-жолу болуп жатат.

Экономикалык форумга 90 мамлекеттен өкүлдөр катышып жатат. Анын ичинен Кыргызстан, Түштүк Корея жана Кытай мамлекеттеринин премьер-министрлери келди. Ал эми иш-чарага жалпы жонунан 1700 киши катышууда. 

Кыргызстандык делегациянын курамында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, КРдин Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова, Бишкек шаар мэри Албек Ибраимов, КР өкмөтүнүн эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков жана экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0