БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Окумуштуулар аба ырайы менен кылмыштуулуктун байланышы бар экенин тастыкташты. Бул тууралуу РИА Новости Behavior and Brain Sciences журналына таянуу менен жазып чыкты.
Дүйнө жүзүндөгү кылмыштуулук ар өлкөдө ар башка, анткен менен изилдөөлөргө ылайык, экваторго жакын жайгашкан өлкөлөрдө тоноочулук, адам өлтүрүү көп катталган.
Окумуштуулар бул көрүнүштү күндүн ысыктыгы менен байланыштырууда. Алардын айтымында, ысык өлкөдө жашагандар келечектин камын көп жебестен, бир күндүк ой менен жашашат. Бул өз кезегинде агрессиянын күчөшүнө алып келет.