БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстандын аймагына кирүүгө аракет кылган эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашты.
УКМК кармалган адам атайын диверсиялык-террористик даярдыктардан өткөн жана террористтик уюмдардын катарында жүрүп Сириядагы өкмөттүк күчтөргө каршы согушка катышкандыгын билдирди.
"Алынган маалыматтар боюнча ал Кыргызстанда террордук акцияларды даярдап жана жасоо үчүн келген", — деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.
Буга чейин да, соңку ирет 17-июнда Кыргызстанда бир нече терактыларды жасоону пландаган, Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келген эл аралык террористтик топтун эки мүчөсү Баткенде кармалган.