Азырынча акактап ысыбайбыз. Бүгүн Кыргызстандын аймагы боюнча кыска мөөнөттүү жамгыр болуп, күндүн табы болгону 27 градуска чейин көтөрүлөт.
Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын мышык ыйлагыдай абалда турган 47 жолдору оңдолот дешти.
Жарамазан, орозо жана шариат. Орозо айында жарамазан айтуу арбыды. Алардын көбү жаш балдар. Мурда салттуу, бир калыпка салынган текст менен айтылса, азыр "костюм-шым болсун кийгениң, хаммер болсун мингениң" дегенди угууга болот. Дин ишмерлери жарамазан айтуу шариатка туура келбейт дешти…
Жамандык-жакшылыкта адамдын кубаныч, кайгысын тең бөлүшүп, керектүү сөз айтканды билесизби. Маселен, кудага кулдук уруп барганда ызаатыңызды же үй тургузган адамдын жакшылыгына ортоктош экениңизди төмөнкүчө билдире аласыз.
Казакстанда жол кырсыгынан дээрлик бир үй-бүлө 4 баласы менен энеси каза болду. Трагедия Алматы — Астана унаа жолунун 385-чакырымында, башкача айтканда Алматы, Жамбыл жана Караганда облустарынын кан жолунда болгон. Арты кайырлуу болсун…
Айланайындар, бизди сериал кылбагылачы! Жогорку Кеңеш депутаты парламент отурумдары бразилиялык сериалдарга айланып кеткендигине нааразы болуп чыкты. Эл өкүлүнүн оюнда, буга журналисттер күнөөлүү экен.
Алтынга татыктуу балдарыбыз азбы? Кыргызстанда быйыл мектепти 63 миң улан-кыздар бүтүрүп жатса, алардын 200дөн бир аз ашыгыраагы гана "эң мыкты" деген баага аяктаган. Тестирлөө боюнча улуттук борбордун маалыматы боюнча өзгөчө үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестатын 224 бүтүрүүчү алган.
Сегиз саатка созулган өрт. Кечээ кечинде Бишкектин чок ортосунда, Ак үйдөн анчалык алыс эмес жерде 12 кабаттуу үйдү өрт чулгап, кудай жалгап, адам өмүрүнө зыян келген жок. Алоологон жалынды өрт өчүрүүчүлөр кечки сегизден өтүп башталган өрттү таңкы төрткө чукул өчүрдү.
Таланттуу, мыкты, кыйын, акылдуу жана текебер! Кечээ биздин замандын легендарлуу футболчусу Зинедин Зидан 44 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги спортчунун эң мыкты голдорун жана анын жашоосундагы көзгө жаш айланткан ирмемдерди топтоду.
Ажайып жайга чакырабыз. "Жомок" каньону Ысык-Көл облусунда жайгашкан. Көргөн кишини кайдыгер калтырбаган ажайып жер. Аскалуу тоолор эгерде өтө эле берилип элестетип кетсеңиз, кудум эле алп жаныбарлардын арасында жүргөндөй сезим калтырат. Дем алыш күндөрү жай отуруп, ырахаттана көрүп, кадимкидей эс алсаңыз болот.
Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.21 (сатып алуу) жана 67.44 (сатуу) сомду түздү.
Соңку сөз ордуна. Алтын баш аман болсун…