Бишкектин Фрунзе көчөсү менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде көп кабаттуу үй күйүп жатат.
Окуя болгон жерди ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев дагы келип, 50дөн ашуун милиция кызматкерлери курчоого алып, жашоочуларды коопсуз аймакка чыгарууда. Тилсиз жоо менен жети өрт өчүрүүчү машина күрөшүүдө. Ошондой эле газ кызматынын өкүлдөрү да кырсык болгон жерге келишти.
Тилсиз жоодон улам Жибек Жолу проспектиси жана Фрунзе көчөлөрүндө тыгын пайда болду.
Учурда аталган райондо электр энегиясы жана көгүлтүр от өчүрүлдү.