БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Дипломатиялык корпуста жакында өзгөрүүлөр болду. Дасыккан дипломат Данияр Сыдыков Өзбекстанга элчиликке дайындалып, ал эми Алматыга башкы консул болуп мурдагы жаштар министри Алиясбек Алымкулов барды.
Алымкулов 1992-2010-жылдары ишкерлик менен алектенген. Бир нече ишти алмаштырып, анын ичинде "Буудай" мамлекеттик ишканасында сатык бөлүмүнүн башчысы болууга үлгүргөн. 2007-2009-жылдары дипакадемияда окуган (экинчи билими), бирок башкы консул болуп дайындалганга чейин дипломатиялык чөйрөдө иштеген эмес.
Sputnik Кыргызстан редакциясы элчилик кызматка кимдер дайындаларын иликтеп көрдү. Эскерте кетсек, КРдин дипломатиялык өкүлчүлүгү бардыгы болуп 30 мамлекетте бар.
Аз да болсо саз болгон жакшы
Мисалы, Бельгиядагы ыйгарым укуктуу элчи Асеин Исаев ТИМдин статс-катчысы, башкача айтканда, министрликтин жогорку административдик даражадагы атка минери болчу (андан жогору министр менен министрдин орун басары гана турат). Азыр КРдин Германиядагы өкүлү Эринес Оторбаев министрдин орун басары, ал эми Түштүк Кореядагы элчи Аскар Бешимов биринчи орун басары болчу.
Экс-министрлердин даңгыр жолу
Батышта элчи кылып мурунтан чоң кызматты ээлегендерди көп дайындашат, бул жагынан Кыргызстан да артта калбайт. Чет өлкөдө мурдагы атка минерлердин бүтүндөй тобу иштейт.
Алардын арасында эң атактуусу деп КРдин Түркмөнстандагы өкүлү Жаныш Рустенбековду атаса болот. Ал кезинде Бишкектин Биринчи май районунун акими, Ош облусунун губернатору, мамлекеттик катчы, президенттик администрациянын жетекчиси, өзгөчө кырдаалдар министри, Токой чарбачылык боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы болгон. Керек болсо Жогорку Кеңештин депутаты болууга да үлгүргөн.
Чыгыш таануучу Абдулатиф Жумабаев мурда Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеген, эми болсо өлкөнүн кызыкчылыгын Сауд Аравиясында коргоп жүрөт. Баса, ал Түштүк Африкага да элчи болуп дайындалды.
Эсенгул Өмүралиев (Казакстан) 2000-жылга чейин вице-премьер, ошондой эле тышкы соода жана өнөр жай министри болуп иштеген. Андан соң Украинага элчи болуп дайындалып, кийин дипломатиялык иштен бир нече жолу кетип, кайра келген.
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов Тажикстанда элчи болуп иштейт.
Билими
Мисалы, Болот Отунбаев (Россия) — тарыхчы, ММУнун бүтүрүүчүсү. Самаргүл Адамкулова (Индия) — чыгыш таануучу, Ленинград мамлекеттик университететин бүтүргөн. Асанбек Осмоналиев (Иран) кытай таануучу (синолог). Осмоналиев менен Отунбаевдин экинчи билими – эл аралык мамилелер.
Кесиби
Бир катар дипломаттар мурда иштеген жери же жасаган иштери менен көбүрөөк белгилүү. Мисалы, АКШдагы элчи Кадыр Токтогулов алгач журналист, анан президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болуп иштеген. Мурдараак сөз болгон Кылычбек Султанов ЖМКны жетектеген, гезиттерде жооптуу катчы болгон. Чекист Мирослав Ниязов, мурда белгиленгендей, коопсуздук кеңешин жетектеген.