БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкектин бир катар көчөлөрүндө газ берүү токтотуларын "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда 24-июнда Иманалиев көчөсүндө, ал эми 28-июндан 1-июлга чейин Жибек-Жолу, Веселая, Лермонтов жана Чоң Чүй каналынын аймагында көгүлтүр от берилбейт.
Ишкана мындай аракет газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу экенин белгиледи.