БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Шапак айылынын 24 жаштагы тургуну өзүнө бензин чачып өрттөп ийген. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, денесинин 80 пайызы күйүп калган жаран Ысык-Көл облустук ооруканага жеткирилген.
Азырынча бейтап мындай кадамга эмне себептен барганы аныктала элек.