БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы диний китептердин көргөзмөсүн өткөрөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Көргөзмө 4-июнга белгиленген. Иш-чара Тарых жана маданият жылын утурлай өтүп жатат.
Көргөзмөгө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, дин аалымдары жана белгилүү инсандар келишмекчи.