Sputnik Кыргызстан агенттиги бала кезде ойнолгон, ойнолуп жаткан жана кийин да ойноло турган оюндарды эстеп көрдү.

Футбол. Дарбазанын ордуна көп учурда таштар коюлуп, ал эми футболчулардын саны кээде чегинен ашып кетет. Оюндун максаты — атаандаштын дарбазасына болушунча көп топ киргизүү

Көз таңмай. Оюнчук менен ойноодон тажаганда жардамга келет. Көп киши болсо андан бетер жакшы. Анда-санда үнүңдү чыгарып коюп, көзү таңылган оюнчудан качып жүрө бересиң

Жашынмак. Бир, эки, үч, төрт, беш... Издедим! Башкысы — таппагыдай болуп жашынуу керек

Картошка. Көпчүлүктүн сүйүп ойногон оюну. Топту түшүрбөй тосуп алуу керек, болбосо ортодо каласың

Эшек минмей. "Эшек" мингендер жыргады...

Резинка. Кадимки резина колдонулуп, ары-бери секирип ойнойсуң. Аны эки курбуң бутуна илип тартып турат

Алтын шакек. Эрежеси жөнөкөй: "шакек" алганыңды эч кимге байкатпай, чакырганда дароо туруп кетиш керек

Тах-тах. Мында экиге бөлүнгөн балдар "кара кыргын кызыл сүргүнгө" түшүп, ой-да салгылашат. Жыгач мылтыктар, тапанчалар менен гана "атышмай"

Лянга. Жок дегенде 15 жолудан кем эмес тынбай тепкен "чебер" кадимкидей кадыр-баркка конот

Оромпой. Ар бир чийилген бөлүк — бир класс болуп саналат. Кезек менен бардык класстардан өтүү керек. Ким тез өтсө, ошол жеңүүчү аталат

Чүкө. Көзгө атар, шамдагай, эптүү жигиттердин оюну

Беш таш. Бир ташты ыргытып, ал жерге түшкүчө жердеги ташты алып, кулап келе жаткан ташты тосуп алуу керек

Волейбол. Сени көздөй келе жаткан топту тосуп албай кайра бирөөнү көздөй ыргытышың керек