https://sputnik.kg/20160531/1025923289.html
Президент Атамбаев ЕЭК жыйынына катышуу үчүн Астанага учуп кетти
Президент Атамбаев ЕЭК жыйынына катышуу үчүн Астанага учуп кетти
Sputnik Кыргызстан
Мында мамлекет жетекчилеринин интеграциянын келечегин, анын ичинде газдын, мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүү сыяктуу маселелерди талкуулай... 31.05.2016, Sputnik Кыргызстан
2016-05-31T10:10+0600
2016-05-31T10:10+0600
2021-12-15T21:49+0600
https://sputnik.kg/img/101474/97/1014749763_0:79:1599:984_1920x0_80_0_0_de4664a3aa0c15bfad46137ba3888a71.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2016
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101474/97/1014749763_0:0:1564:984_1920x0_80_0_0_dc81e453175f381485b8ce5a22be27d6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
саясат, дүйнөдө, жаңылыктар, алмазбек атамбаев, кыргызстан
саясат, дүйнөдө, жаңылыктар, алмазбек атамбаев, кыргызстан
Президент Атамбаев ЕЭК жыйынына катышуу үчүн Астанага учуп кетти
10:10 31.05.2016 (Жаңыртылды: 21:49 15.12.2021) Мында мамлекет жетекчилеринин интеграциянын келечегин, анын ичинде газдын, мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүү сыяктуу маселелерди талкуулай турганы күтүлүүдө.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев иш сапар менен Казакстанга учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Сапар алкагында мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын Астанада өтө турган жыйынына катышат.
Мында мамлекет жетекчилеринин интеграциянын келечегин, анын ичинде газдын, мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүү сыяктуу маселелерди талкуулай турганы күтүлүүдө.
Муну менен бирге президенттер биримдиктин чет элдик өлкөлөр жана аймактык уюмдар менен соода-экономикалык байланышын кеңейтүү боюнча пикир алмашат. Ал эми сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлмакчы.