БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн Кувейттин маданият күндөрү башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Иш-чара саат 12.00дө Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде тартуулана турган көргөзмө менен башталат. Анда аталган өлкөнүн кол өнөрчүлөрүнүн эмгектери, улуттук кийимдер жана улуттук ашканасы көрсөтүлөт.
Ал эми кечки саат 18.30да Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болуп, музыкалык ансамблдин ири программадагы концерти сунушталат.
Кыргызстандагы Кувейт мамлекетинин маданият күндөрү 3-июнга чейин уланат.