БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Ош шаарында "Ак турнаны сатып ал" акциясы өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Шаттык" балдар борборунун жетекчиси Гүлнур Абылкасымова билдирди.
Анын айтымында, иш-чара аталган борбор тарабынан демилгеленип, айыкпас илдетке чалдыккан балдарга жардам берүүнү көздөйт.
"1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Ош шаарында акция өткөрөбүз. Анда биздин борбордун балдары тарабынан кагаздан жасалган ак куулар сатыкка коюлат. Бир даанасы 30 сом деп бааланууда", — деди Абылкасымова.
Анын айтымында, борбордо балдар кагаздан ак кууну көп жасашат.
"Жасалган ак кууну сатып, балдарга жардам бергибиз келет. Мэрия тарап уюштуруу жагына көмөктөшүүгө макул болду", — деди борбордун жетекчиси.
Ал жасалган турналар Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө 1-июнь күнү сатыларын кошумчалады.