БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстанда "Биринчи жардам" мобилдүү тиркемеси ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу Кызыл жарым ай коому билдирди.
Мобилдик тиркемеде биринчи жардамды көрсөтүү ыкмалары түшүндүрүлгөн. Ал төрт бөлүмдөн турат — "окуңуз", "даярданыңыз", "өзгөчө кырдаал" жана "тесттер".
Тиркеменин жардамы менен ууланганда, сөөк сынганда жана башка кырдаалдарда тез жардам алууга болот.
Мындан сырткары, тиркеменин жардамы менен автоматтык түрдө чалууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
"Биринчи жардам" Android жана IOS платформаларында жеткиликтүү болуп, акысыз көчүрүп алууга болот.
Мобилдик тиркеменин бет ачары 2-июнда өтөт.