БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Баткен районунун Чоң-Талаа жана Карабак айылдарында заманбап курулган эки мечиттин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Баткен казыятынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, ачылыш аземине Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, кеӊештин мүчөсү Чубак ажы Жалилов баштаган аалымдар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Абдишүкүр ажы Нарматов мечиттер адамдын адеп-ахлагын, кулк мүнөзүн оңдоочу, тарбия алуучу жай экенин баса белгиледи.
Заманбап мечиттин курулушуна чет өлкөдөн келген демөөрчүлөрдөн сырткары жергиликтүү тургундар дагы өз салымдарын кошушкан.