БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Акыркы коңгуроо күнү унаалардан башын чыгарып, ышкырып, кыйкырган окуучуларга чара көрүлөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Жогорку Кеңештеги өкмөттүк саат учурунда билдирди.
Анын айтымына караганда 27-май акыркы коңгуроо күнү республика боюнча милициянын 3 миң 822 кызматкери тартипти көзөмөлгө алат.
"Белгилүү болгондой айдоочулар үчүн бейбаштык беренеси кабыл алынган. Ага ылайык унаа айнегинен башын чыгарып ышкырып, кыйкырган окуучуларга чара көрүлөт", — деп билдирди Орозалиев.
"Ата-энелер менен жыйналыш өткөрүп балдарына унааларын бербөөгө үндөдүк. Эгер андай фактылар катталса унаа айып короого токтотуларын эскерттик", — деди Орозалиев.
Кафелерде кече уюштурууга тыюу салынганын белгилеген Орозалиев, акыркы коңгуроо жана бүтүрүү кечелеринде Бишкектеги Манас айылы, флагшток сыяктуу белгилүү жайлар милиция тарабынан катуу көзөмөлгө алынаарын кошумчалады.