БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыкка кабылган кыргызстандык айдоочуну сууруп чыккан казак жарандарына ыраазычылык билдирди. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
2016-жылдын 27-мартында Казакстандын Актөбе облусунда кыргызстандык Андрей Кудашев жолдон чыгып кетип, автоунаасы жол жээгиндеги аңга чалкасынан түшүп калган. Айдоочу кабинасында камалып калгандыгын жолдон өтүп бара жаткан "Актөбе" ишканасынын жетекчиси Кайрат Бекенов көрүп, сууруп чыгарган.
Кудашев ээн талаада чалкасынан түшүп жаткан автоунаасын таштай албаганын көргөн Исатай айыл аймагынын жетекчиси кыргызстандыктын жанында калып, жеке автоунаасын эвакуатор техникасын алып келүүгө жөнөткөн.