БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө Алматы — Бишкек жолунда эки автоунаа кагышып, кырсыктан жети киши жан таслим болду. Бул туурасында Алматы облусунун Ички иштер департаменти кабарлады.
Маалыматтарга караганда, эртең менен саат 7:20га чукул Жамбыл районундагы Актерек айылына жакын аймакта Алматы — Бишкек жолунда Ford Focus менен Honda Elysion автоунаалары кагышкан. Беш киши кырсык болгон жерде дароо жан берген. Ал эми экөө жолдон көз жумган.
"Honda автоунаасынын 45 жаштагы айдоочусу менен салондун ичиндеги 36 жаштагы жүргүнчү Узынагаш айылындагы ооруканада жатат. Алдын ала алынган маалыматтарда Ford автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун берки тарабына чыгып кетип, маңдайында келе жаткан Honda менен сүзүшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Аталган жерге Жамбыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана жол кайгуул кызматынын инспекторлору барды.
Учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кырсыктан жабыркагандардын арасында кыргызстандык жарандардын бар-жогун тактап жатат.