БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Быйыл ажылык сапарга баруу үчүн 4733 жаран катталганын муфтияттан билдиришти.
Белгилей кетсек, зыяратчыларды каттоо 20-майда аяктаган. Быйыл кыргызстандык зыяратчылар үчүн 3685 орун бөлүнгөн.
Муфтияттын маалыматына ылайык, быйыл ажылыкка катталгандар былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге аз.
Эскертсек, ажылыктын баасы 2600 долларды түзгөн.
Сауд Аравияга алгачкы каттам 16-августта болсо, акыркы учак 4-сентябрда учат. Ал эми 17-сентябрдан баштап ажыларыбыз мекенине кайтат. Жалпысынан 18 каттам болот.