Ысык-Көлдөгү туристтерди желим баштыктан баш тартууга чакырышууда

Жазылуу
Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясы токтомдун долбоорун сунуштады. Ага ылайык, өкмөт туристтик сезонго даярдык көрүү үчүн бир катар иштерди аткарышы керек.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстанда туристтер арасында желим баштыктын ордуна кагаз баштыктарды колдонууну жайылтуу боюнча сунуштар айтылууда. Мындай сунуш Жогорку Кеңештин коомдук талкууга коюлган "Туризм тармагында мамлекеттик аракеттерди ишке ашыруу жана 2016-жылкы туристтик сезонго даярдыктарды көрүү жөнүндө" токтом долбоорунда айтылат.

Аны парламенттеги "Бир Бол" фракциясы демилгелеген. Анда туристтик сезонго даярдыктарды көрүү каралган. Эгер ал жактырылып калса, өкмөт аны 20-июнга чейин аткарышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0