Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Трансформация вузов — каким должен быть университет будущего
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:08
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:11
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
https://sputnik.kg/20160519/1025442272.html
Бишкектин башчысы "Дельфин" спорт жайынын оңдоо иштерине ыраазы болгон жок
Бишкектин башчысы "Дельфин" спорт жайынын оңдоо иштерине ыраазы болгон жок
Sputnik Кыргызстан
Шаар башчысы сметалык долбоорду кайрадан бассейндин талаптарына ылайыктап жасап чыгуу зарылдыгын айтып, тиешелүү башкармалыкка тендер жарыялоону тапшырды. 19.05.2016, Sputnik Кыргызстан
Шаар башчысы сметалык долбоорду кайрадан бассейндин талаптарына ылайыктап жасап чыгуу зарылдыгын айтып, тиешелүү башкармалыкка тендер жарыялоону тапшырды.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкектин мэри Албек Ибраимов олимпиадалык резервдеги балдар жана өспүрүмдөрдүн атайылаштырылган "Дельфин" мектебинин оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыкты. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ал реконструкциялык иштерди жылдын аягына чейин бүтүрүү зарылдыгын белгиледи.
Иштин жүрүшүнө ичи чыкпаган мэр буга чейин аталган жайда жасалган иштерге текшерүү жүргүзүп жана реконструкциялоо боюнча жаңы долбоорду иштеп чыгууну тапшырды.
Ибраимов оңдоп-түзөөдө имараттын сырткы көрүнүшүн кооздоого басым жасабастан, маанилүү делген ички, негизги иштерге көңүл коюуну эскертти. Ал реконструкциялык иштерди жылдын аягына чейин бүтүрүү зарылдыгын белгиледи.
"Сметалык долбоорду кайрадан бассейндин талаптарына ылайыктап жасап чыгуу зарыл. Спорттук комплекс жалпы шаардыктарга тиешелүү жайга айланышы керек",— деди мэр.
Ибраимов мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгына имаратты реконструкциялоо боюнча тендер жарыялоону тапшырды. Анда Ибраимов тендерге жергиликтүү эле эмес, жаңы, заманбап технологияны колдоно турган чет элдик компаниялар да катыша тургандай шартты камсыздоону белгиледи.