БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Ажылыкка каттоо үстүбүздөгү жылдын 20-майына чейин узартылды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Бул жарлык Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен бекитилди.
Өлкө аймагындагы буга чейин белгиленген 11-майга чейин катталууга жетишпей калган жарандар бул аралыкта өз аймактарындагы каттоо пункттарына барып, тизмеге кирүүсү зарыл.
Учурда каттоо иши Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүп, жалпысынан 34 каттоо пункту иштөөдө.