Буга чейинки мелдештерге эң көп 800 кишиге чейин катышкан. Биринчи орун үчүн Япония, Казакстан, Англия жана башка мамлекеттерден келгендер күч сынашты.
Былтыркы марафондун жеңүүчүсү Азат Момуналиев 42 195 метр аралыкты 2:35 саатта чуркап өтүп кайтадан жеңүүчү аталды. Аялдар арасында Анна Оглоблина (4 саат 26 мүнөт) мыкты аталды. Жеңүүчүлөр миң доллардан сыйлык алышты.
Жөө күлүктөр жарым марафон (21 километр 97,5 метр) жана 10, 5 чакырым аралыктарга да чуркашты.
Бул мелдеш Олимпиадалык оюндарда байгеге татыган Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган.

Мелдешке катышкан жөө күлүктөр

Мелдеш алдындагы даярдыктар

Катышуучулардын маанайы көтөрүңкү

Күйөрман аксакал башкаларга күч кубат берүүдө

Башкысы марафонго катышкан маанилүү

Мелдешке баары катышты

Чарчаган менен маанай көтөрүңкү

Таңдай катып турганда… суу…

Колдоо бардык жерде керек

Кыргызстандын туусун кармаган катышуучу

Быйылкы марафонго түрдүү элдин өкүлдөрү катышты

Сыйлык ээсин тапты