БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызстанда иштөөгө уруксаты жок жана визасынын мөөнөтү өтүп кеткен эки кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кытай жарандары Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Милянфан айылынан кармалган.
Тийиштүү документтер толтурулган соң алар ИИМдин аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.