Кыргыз улуттук драма театры Таласка гастролдойт

© Sputnik / Айша КамиловаСахнадагы театр артисттери. Архив
Сахнадагы театр артисттери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Тарых жана маданият жылына карата "100 гастроль" программасынын алкагында өтүүдө.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жамааты Талас облусуна гастролдук декадага бара турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Тайлак баатыр" тасмасы эки депутат жазган сценарий менен тартыла турган болду
Иш-чара 15-майда башталып, 22-майга чейин уланат.

Драма театрдын актёрлору 16-17-май күндөрү Талас шаарынын тургундарына Токтоболот Абдымомуновдун "Абийир кечирбейт" драмасын сунуштаса, 18-май күнү "Дэм" театры концерт коёт. 19-21-май күндөрү Бакай-Ата, Манас жана Кара-Буура райондорунда "Тагдыр" спектакли тартууланат.

Гастролдук декада Тарых жана маданият жылына карата "100 гастроль" программасынын алкагында өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0