Улуу Жеңиш күнүн утурлай Чүй облусунда 45 машина автожүрүшкө чыгат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүГеоргий лентасын кармаган адам. Архив
Георгий лентасын кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече автоунаа Чүй облусунун райондоруна жүрүш жасайт.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Улуу Жеңиш күнүн утурлай "Бирге жеңгенбиз" ("Победили вместе") аттуу автожүрүш болорун уюштуруучулардын бири Бакыт Орозов билдирди.

Согуш ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 821 катышуучусу жашайт
Аталган иш-чара 6-майда саат 9.00дө Чүй облусундагы Жайыл райадминистрациясынын имаратынын алдынан башталат.

Жеңиш туусу жана СССРге мүчө мурдагы 15 мамлекеттин желектери тагылган автожүрүш Кара- Балта — Беловодск — Сокулук маршруту боюнча өтөт. Андан ары Кайыңды — Чалдовар — Кара-Балта маршруту боюнча айланышат.

Бул иш-чараны "Шериктештик" ("Содружество") улуттук маданият борбору, "Русский мир" коомдук бирикмеси, Жайыл райондук ардагерлер кеңеши менен райондук администрациясы уюштурууда.

Быйыл 9-майда Улуу Жеңиштин 71 жылдыгы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0