Борченов: эч убакта үнүмдү акчага баалайм деп ойлогон эмесмин

© Фото / Сергей ПанинРадио жана теле алып баруучу Урмат Борченов. Архив
Радио жана теле алып баруучу Урмат Борченов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкөдөгү радиотеле жарнамалардан бул жигиттин үнүн дароо таануу мүмкүн. Ал башкалардан үнүнүн кубаттуулугу менен айырмаланат.
Радиоконкурс "Говорим, как Левитан": Урмат Борченов, Бишкек

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Жакында эле Урмат Борченов Эл аралык "Левитандай сүйлөйбүз" аттуу радиосынакка катышып, алдыңкы ондукка кирген.

Коңур үндүү жигит бул кесипти хобби катары карай турганын белгилейт.

Борченов бул сынакка кантип катышып калганы жана башында радиого "үнүң туура келбейт" деп жумушка албай койгон учурлары тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроолоруна жооп берди.

— Урмат, айтсаңыз, "Левитандай сүйлөйбүз" радиосынагына кантип катышып калдыңыз?

— Мага алгач досторум катышып көрбөйсүңбү деп сынактын тиркемесин жөнөтүштү. Болгону текст окушум керек экен. Бирок сөздөрүн карап көрсөм чындыгында кыргыз тилдүү киши үчүн оордой сезилди. Анан тексттин жакшысын, адамдын ички сезимин ойгото турчу жерин тандап, окуп жөнөттүм.

© Сергей ПанинРадио жана теле алып баруучу Урмат Борченов
Интервью с теле и радио ведущим Урматом Борченовым - Sputnik Кыргызстан
Радио жана теле алып баруучу Урмат Борченов

— Сизге Левитандын кайсыл фразалары жагат?

— Анын атактуу "Внимание, внимание, говорит Москва" деген сөзү ар бир уккан кишинин дене-боюн дүркүрөтүп жиберет. Анын үнүнүн тембри да өзгөчө күчтүү.

— Сынакка катышып жатып Левитанды тууроого аракет жасадыңызбы же бир өзгөчөлүктү киргизүүгө аракеттендиңизби?

— Шарты боюнча туурабаш керек экен. Бирок ошол эле учурда Левитандын үнүндөгү бир боёкту, ага болгон өзгөчө мамилеңди кошушуң шарт эле. Аракет жасадым. Алдыңкы ондукка киргенден кийин толкунданып кеттим. Бул тууралуу айрым биздин маалымат агенттиктери жазып чыкканы жагымдуу маанай тартуулады.

— Чыгармачылыкка кантип аралашып калдыңыз?

— Мен ушинтип үнүмдү сатып иштейм деп ойлогон эмесмин. Мектепте окуп жүргөндө активдүү окуучулардын катарын толуктап, иш-чараларды алып барып жүрдүм. Жогорку класстарда чыгармачылыкка кызыгып түрдүү кастингдерге катыштым, үнүң жакшы экен деп айтышчу, бирок өтчү эмесмин. 

© Сергей ПанинУрмат Борченов Эл аралык "Левитандай сүйлөйбүз" аттуу радиосынакка катышып, алдыңкы ондукка кирген.
Интервью с теле и радио ведущим Урматом Борченовым - Sputnik Кыргызстан
Урмат Борченов Эл аралык "Левитандай сүйлөйбүз" аттуу радиосынакка катышып, алдыңкы ондукка кирген.

Бир жолу радиого кастинг болуп ушундан өтсөм кийинкилерине катышам, болбосо жок деген талап менен бардым. Кийин жарым жылдан кийин чалышты. Ошентип барып КТРКнын эң жаш диктору катары жаңылыктарды окуп, иштей баштадым. Быйыл билинбей эле радиодо иштегениме жети жыл болуптур.

— Кайсыл гана жарнама болбосун сиздин үнүңүздү кезиктирүүгө болот. Мындан улам кайсы бир компания чектөө киргизбейби?

— Негизи ири компаниялардын өздөрүнүн бренд-войсу болот. Тилекке каршы, бизде андай тандоо жана атаандаштык жок. Айланып келип эле мага кайрылып жатышат. Бир жагынан жагымдуу болсо, экинчисинен мыкты дикторлор аз болгону өкүнүчтүү. Өзгөчө үндөр жок эмес, бар, болгону алар үнүн бакпайт.

— А сиз кантип тарбиялап, кам көрөсүз?

КР жараны Россиянын мода тармагындагы беделдүү сыйлыгына көрсөтүлдү
— Мен тарбиялаган жокмун, болгону чыгармачылыкта жолдуу экенмин. Бала кезимен баштап гезит-журналдарды үнүмдү сыртынан чыгарып окучумун. Мүмкүн ошонун таасиридир. Ичпей, чекпей сергек жашоо образын жүргүзүп келем.

Ал эми үнүмө чындыгында кам көрбөйм. Бул туура эмес деп ойлойм. Анткени бир жолу муздак алма жеп ийип эки күн үнүм бүтүп калды. Ошондо эч кимге керегим жок болуп каларымды сезип "үнүм бүтсө, күнүм кошо бүтөт турбайбы" деп ойлоп калгам.

— Учурда эмне менен алексиз?

— Кечке эле кадр сыртында жүрө бербей телеге да чыгайын деп аракеттенип жүрөм. Үнүм менен тышкы келбетти айкалыштырууну да зарыл маселе деп эсептейм.

— Орус-кыргыз тилинде жарнамаларды окуп келесиз. Тил жагынан кыйынчылык жаралбайбы?

— Мен кыргыз мектепте, кыргыз тилдүү окуу жайда окугам. Чөйрөм да кыргыз тилинде. Ошол себептен орусча окуганда башында кыйналсам, азыр көндүм. Эң башкысы аракет, анан ишеним деп ойлойм.

— Жыйынтыктап айтканда үн менен жан бакса болобу?

— Маяна жагынан өтө көп эмес. Бирок керт башыңды бакканга кенен жетет.

Маалымат үчүн:

Бийчи Жан Воинов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык үч бийчи россиялык "Танцы" шоусунун кийинки туруна өттү
"Левитандай сүйлөйбүз" аттуу эл аралык сынактын жыйынтыгы 5-май күнү жарыяланат. Сынак "Совинформбюронун" 75 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында өтүп жатат. Сыйлык тапшыруу аземи 24-июнда Москвада "Тарых жаңылыктардан башталат" эл аралык медиафорумунун алкагында өтөт.

Конкурстун жеңүүчүсүнө диплом, эстелик статуэткасы жана 50 миң рубль акчалай сыйлык берилет. Конкурстун башка сыйлык ээлерине да диплом жана акчалай сыйлык ыйгарылат. Сынактын байге фонду экинчи жана үчүнчү орунду ээлегендер үчүн 30 жана 20 миң рубду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0