БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Түркиялык белгилүү ырчы Таркан Пынар Дилек аттуу күйөрман кызына үйлөндү. Бул туурасында РИА Новости Anadolu агенттигинин маалыматына таянып жазды.
Нике кыюу салтанаты атактуу ырчынын Стамбул шаарынын Тарабья районундагы вилласында өткөн. Аземге үй-бүлө мүчөлөрү жана баш кошкондордун жакын деген достору гана катышкан. Агенттик жаштардын үйлөнүү тою жакынкы аралыкка белгиленди деп жазды.
Таркан (толук аты-жөнү Таркан Теветоглу) — эл аралык жана түркиялык бир катар сыйлыктардын жеңүүчүсү. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө аны поп ырчы катары таанышат. 1990-жылдардын соңунан тарта ырлары дүйнөгө кеңири тарай баштаган.