БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Кыргыз радио бирикмесинин 85 жылдыгына карата эки күн бою түз эфирден Манас айтыла турганын белгилүү манасчы Улан Исмаилов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, КТРК тарабынан демилгеленген иш-чара 5-7-май күндөрүнө белгиленген. Анда "Кыргыз радиосунан" эки күн бою манасчылар Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Дөөлөт Сыдыков жана Улан Исмаиловдор бири-бирин улап, улуу жомокту баяндап беришет.
Маалыматта бул күнү аталган радионун эфиринен башка берүүлөр алынганы белгиленет.