00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Как улучшение породы скота помогает фермерам зарабатывать больше
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Что изменится в правилах изъятия земель и какие права получат собственники - объясняет юрист
10:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБде өнөр жайды колдоо: Кыргызстандын компаниясы каржылык субсидия алды
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
12 жылдык билим берүү системасы - окуу китептерин басуу иши кандай жүрүүдө?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Туризмди өнүктүрүү фонду кандай ири долбоорлорду ишке ашырууда — тоо-лыжа кластери, иневстициянын агымы, майс-туризм
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
"Аман" — миграциянын жашоого таасири жана үй-бүлөнүн мааниси
19:06
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мандат мандеми: парламентте кайрадан кызыл чеке талаш уланабы

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутаттын Жогорку Кеңештеги жумуш орду. Архив
Депутаттын Жогорку Кеңештеги жумуш орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга депутаттык орундардын дээрлик көпчүлүгү сатылып алынганы себеп. Фракция лидерлери чөнтөгү жука кесиптештерин акырындап сүрүп чыгарып, алардын ордуна капчыгы калыңдарды алып келүүдө.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеште акчасы азыраак депутаттарды четтетүү башталгандан кийин кайрадан мандат чыры башталышы мүмкүн. Мындай пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине саясат таануучу Марат Казакпаев билдирди.

Эскерте кетсек, 29-апрелде "Бир Бол" фракциясынын депутаты Лунара Мамытова өз ыктыяры менен мандатын тапшырууну чечти.

"Депутаттык ишмердигимде саясатчылардан көңүлүм калган учурлар болду. Саясатта бул кадимки көрүнүш. Албетте саясий чөйрөдө мен сыймыктанган адамдар бар. Кресло үчүн өлбөйм! Кыргызстаныбыздын саясий чөйрөсүндө аз убакыт болсом да, саясаттын чыныгы жүзүн биле алдым", — деп Мамытова өзүнүн Facebook баракчасына жазды. 

Сүткө оозун күйгүзгөндөр

Депутат Лунара Мамытова. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК Лунара Мамытованын мандат тапшыруу боюнча жазган арызын 6-майда карайт
Жогорку Кеңештин жаңы, алтынчы чакырылышы былтыркы жылдын күзүндө шайланды. Мандаттар партиялык тизме боюнча тапшырылган. Бул убакыт аралыгында бир катар жаңжалдар чыгып, фракция лидерлери айрым депутаттардан мандатын тапшырууну талап кылышкан. Мындай чыр-чатак "Кыргызстан" жана "Республика — Ата-Журт" фракцияларында көп кездешти. Өзгөчө "РАЖ" өкүлү Жыргалбек Саматов менен болгон окуя кадимки "Санта-Барбаранын" түйүндүү окуяларын эске салды. Ага бир нече жолу мандат берип сүйүнтүшсө, аны кайра тартып алып күйүнтүштү. Бирок өжөр экен, "Кыргызстан" фракциясынын үч өкүлүнөн айырмаланып, Саматов акыры мандат алып, депутат болуп Жогорку Кеңеште отуруп калды.

Депутаттык корпус жыл жаңырганда эле өзгөрүүгө дуушар болду. 4-февралда "Бир Бол" фракциясынан депутат болуп келип, вице-спикерлик креслодо отурган Бакыт Эсенбаева мандатын тапшырды. Депутаттыктан баш тартуусунун себебин эл өкүлү түшүндүргөн жок.

Кул жеймин дейт куйрукту…

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин айтымында, мандат тапшыруулар депутаттык орундардын сатып алынышына байланыштуу болушу мүмкүн. Шайлоо алдындагы сүйлөшүүлөргө ылайык, айрым фракция лидерлери чөнтөгү жука кесиптештерин акырындап сүрүп чыгарып, алардын ордуна капчыгы калыңдарды алып келип жатышы толук ыктымал.

"Албетте, соода тууралуу ачык фактылар жок, бирок чөнтөгү калыңдар негизинен бош калган орундарга келет. Өткөн жылдын соңунда, быйылкы жылдын башында "мандат согушу" "Кыргызстан" фракциясынын ичинде өтө кызуу жүрдү", — дейт эксперт.

Мандат мандеми уланабы?

Казакпаевдин айтымында, өтө олуттуу болбосо да парламентте айрым өзгөрүүлөр болот.

"Негизи соодага баргандардын басымдуу бөлүгү парламентке өттү. Бирок акчасы жок эл өкүлдөрүн четтетүү мынчалык курч болбосо да мындан ары деле улана берет", — деди саясат таануучу.

Бирок муну менен бирге Казакпаев мандаттар партиялык тизме менен берилүүчү мыйзамдагы кемчиликтер кайрадан чыр-чатакка алып келерин белгилейт. Анын айтымында, мындай пикир келишпестиктер кийинки чакырылышта да өкүм сүрөт.

Эскерте кетсек, көшөгө артында мандаттан ажырай турган депутаттардын аты-жөнү эчак эле айтыла баштаган. Лунара Мамытова алардын көч башында болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0