БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Москва аймактык аскердик соту тарабынан бүгүн Москва шаарындагы "Киргизия" кинотеатрында теракт жасоого аракет кылгандардын иши боюнча чечим чыгат. Бул тууралуу РИА Новости аталган соттун маалымат кызматына таянуу менен билдирди.
Бул кылмыш боюнча 15 адам соттолуп жатат. Аскер сотунун залы жок болгондуктан отурум шаардык сотто каралат.
"Бүгүн, жума күнү кылмышка шектелип жаткандар акыркы сөзүн сүйлөп, сот чечим чыгарат", — дейт маалымат кызмат.
Айыпталуучулар 2014-жылы "Киргизия" кинотеатрынын жанында теракт жасоого аракет кылышкан. ИИМдин билдиришинче жардырууну орус улутундагы жангечти жасоого камынган.
Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында Москва шаарынын батирлеринин биринде кылмышка катыштыгы бар делгендер кармалган.