БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik.Баткендин окуучулары Түркияда өткөн эл аралык олимпиадада эки күмүш, үч коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу "Себат" билим берүү мектеби билдирет.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-15-апрель күндөрү Түркиянын Измир шаарында 10 өлкөнүн катышуусунда эл аралык инженердик илимий олимпиада болду.
"Кыргызстандын атынан "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин Кадамжайдагы “Семетей” лицейинин окуучулары беш долбоор менен катышты. Табигый жол менен аз убакытта газ өндүрүү, ууну сапаттуу тазалоо жана кургак учукка каршы дары-дармектерди жасоо, мотоциклдин жардамы менен дыйкандарга жардам берүү сыяктуу долбоорлор менен катышып, олимпиаданын жыйынтыгы боюнча эки күмүш жана үч коло медалдарга ээ болуп кайтышты", — деп айтылат маалыматта.
Окуучулар баалуу белектер менен сыйланышты.