БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы бала бакчаларда Тарых жана маданият жылына карата атайын иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Майрамдык оюндарда балдар ыр ырдап, мамлекеттик символикалар тууралуу суроолорго жооп берип жана өздөрүнүн түрдүү өнөрлөрүн тартуулашты.
Бул иш-чаранын максаты балдарды мекенди сүйүүгө, маданиятты билүүгө жана улуттук сезимди көтөрүүгө багытталган.