БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жер силкинүү 20-апрелде саат 16:52де болгон. Эпицентрдеги силкинүүнүн күчү төрт баллга жеткен.
Ал эми жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Казакстан чек арасында, Күңгөй Ала-Тоо кыркасында, Ак-Булак айылынын түндүк батышындагы 10 чакырым аралыкта, Ананьево айылынан түндүк чыгышынан 45 чакырым аралыкта жайгашкан.