БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыз зордуктаган деген шек менен Кемин районунун эки жараны кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кемин райондук ИИБге 24 жаштагы айым арыз менен кайрылып, аны 2016-жылдын 14-апрелинде кароосуз калган май куючу жайда эки жигит күч колдонуп зордуктаганын айткан.
Жазылган арыздын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, Кемин районунун 28 жана 24 жаштагы жарандары кармалды.
Аталган факт боюнча кылмыш жаза кодексинин 129-беренесине (Зордуктоо) ылайык, кылмыш иши козголду.