БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кылмышка шектүү жаран 31 жаштагы бишкектик жарандын колундагы тамак-аш салынган баштыгын жула качкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Милицияга арыз менен кайрылган жаран, окуя Салиева көчөсүндө жайгашкан азык-түлүк дүкөнүндө болгонун билдирген.
Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде милиция кызматкерлери 30 жаштагы Бишкектин тургунун кармашты. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, Кылмыш жаза кодексинин 167-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголду.
Иликтөө иши уланууда.