БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. "Жеткиликтүү турак-жай үчүн" жарандык кыймылдын мүчөлөрү шаршемби күнү Горькийдин эстелигинин жанында митинг өткөрүп, учурда Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) алдында турушат.
Алар 2-апрелде Профсоюздар үйүндө турак жайга муктаж адамдардын жыйыны өткөнүн айтышты. Мында жарандардын өзүнүн демилгеси жана аракети менен курулуш иштери үчүн жер тилкесин бөлдүрүп алышкан. Бул үчүн инвестор да табылган, дешет активисттер.
Бирок бул иш-чараны туура чагылдырып, ар тараптуу маалымат берүүнүн ордуна КТРК "коррупцияга белчесинен баткан атка минердин буйрутмасы менен жөнөкөй жарандардын аракетин каралап салган".
"Мында КТРК кырдаалды чагылдыруунун ордуна карапайым элдин таламын талашып жүргөн жаранга карата жалган маалыматты чыгарып ийишти", — деп айтылат билдирүүдө.
Муну менен бирге ал телеканал кызматташууга даяр экенин белгилеп өттү. Карыпбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына маек берип жатып, митингчилер жер тилкелери боюнча мурунку сюжетке негиз болуп берген документтердин копияларын талап кылышканын белгиледи.