БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы Макаренко атындагы мектептин мугалимдерине жана 11-класстын окуучуларына 5-апрелде Сирия маселеси жана өз өмүрүнө кол салуунун терс жактары туурасында 30 мүнөттүк ачык сабактар болду. Бул боюнча КР муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Сабакты Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби өттү.
Мындан сырткары, окуучуларга ата-энени урматтоо, мугалимдерди сыйлоо, билимге өзгөчө маани берүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле окуучуларга мындай түшүндүрүү иштерин ай сайын өткөрүп туруу маселе каралды.