БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Акыркы беш жылда өлкөдө баңгилик, токсимания менен ооругандарды дарылоочу-профилактикалык мекемелерде каттоодо тургандардын саны 46,5 пайызга азайган. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитетинин изилдөөсүндө айтылат.
"Алардын саны 2010-жылы 217 адам болсо, 2014-жылы 116 кишиге азайган", — деп айтылат маалыматта.
Баңги заттарына көз каранды болгондордун көбүрөөгү эркектер.
Статкомдун маалыматында, баңгилердин басымдуу бөлүгү курагы боюнча 25-29 жаштын ортосундагылар.
Алардын саны 2012-жылдарга чейин өсүп, андан кийин азаюу тенденциясы башталган.