БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев иш сапары менен Ысык-Көл облусуна жөнөп кетүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 29-30-мартка белгиленген. Анын алкагында Азирети муфтий жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, аймактагы диний кырдаалдан кабар алмакчы.
Эскерте кетсек, муфтий Максатбек ажы Токтомушев буга чейин иш сапары менен Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында болуп, аймактагы жергиликтүү тургундар менен жолугушкан.