БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik, Бакыт Толканов. Кыргызстанда өкмөт ушунча тез алмашып тургандыктан, эл министрлерди дайыма эле эстеп кала албайт. Азыркы өкмөттүн жана анын башчысы Темир Сариевдин келечеги кандай экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги аныктап көрдү.
Акыркы кезде Кыргызстанда өкмөт отставкага кетет экен деген имиштер көп. Ал тургай, апрелдин ортосу деп күнүн да болжоп жатышат. Анын себептердин бири деп экономиканын абалы аталууда. Алсак, үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, ички дүң өндүрүштүн көлөмү дээрлик сегиз пайызга төмөндөп кеткен.
Жогорку Кеңеште баары тынч
Парламентте бардыгы болуп алты фракция бар. Алар: "Ата Мекен", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", КСДП, "Бир Бол" жана "Республика — Ата-Журт". Биринчи төрт партия коалициянын ичинде болсо, калган экөө оппозицияда.
Парламенттин аксакалы, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттүн кетишине себеп жок деп эсептейт.
"Мен бул туурасында билбейм, азырынча мындай суроо (өкмөттүн кетиши туурасында) каралган жери жок. Өкмөт жакшы тартипте иштеп жатат, бирок анын ишин объективдүү жагдайлар татаалдантууда. Казакстан менен Россияда кыйынчылыктар бар, бул эки өлкө менен биздин экономика тыгыз байланышта. Нааразычылык калктын абалынын начарлашы менен байланыштуу болсо керек, бирок отставкага кетирүүгө себеп жок", — деди ал.
Азырынча өкмөт үчүн дагы бир коалициялык партия "Өнүгүү — Прогресс" тараптан да, куру дегенде, майга чейин эч коркунуч жок.
"Темир Сариев башкарган өкмөттүн ишине баа берүүдө саясий спекуляциялардан оолак болуш үчүн мен мындай дейм: "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын көз карашы өкмөттүн майга пландалган парламент алдындагы отчетунун жыйынтыгы боюнча билдирилет", — деди Sputnik Кыргызстан агенттигине фракция лидери Бакыт Төрөбаев.
Ошону менен катар ал фракциянын өкмөткө бере турган бир топ суроолору бар экенин белгиледи. Алар, мисалы, электр кубатынын тарифине, ошондой эле коомдун коргоого муктаж катмарларына, айрыкча алыскы аймактардын тургундарына таасир кыла турган өкмөттүк демилгелерге тиешелүү.
"Өкмөттүн иш-аракеттери боюнча суроолор берилип, анын иши бааланат. Менин жеке пикирим боюнча, айрым демилгелер сынга алына турган болсо, кайсы бир пландар декларативдүү мүнөзгө ээ", — деди Жээнчороев.
Өкмөттүн кетер-кетпесин президент чечеби?
Өкмөткө карата кескин баа берип, анын келечеги жөнүндө терс божомолдоолорун билдирген саясат таануучулар болду. Алсак, Марат Казакпаев өкмөттү бийлик тутумундаы эң алсыз бөлүк деп атайт.
"Жакында эле өкмөттүн отчёту учурунда жалпы сандар жана пайыздар аталган эле. Ошондой эле ишкерлер жабыр тартууда, себеби ЕАЭБге кирүүгө байланыштуу чала жасалган иштер бар, шарттар түзүлгөн эмес. Өкмөт — тутумдун эң алсыз жери, анын алмашуусуна анык шарт-себептер бар (апрелдин ортосунда). Парламент кетириши мүмкүн, бирок чечүүчү сөз президенттен болот", — деди саясат таануучу.
Эксперттин пикиринде, экономикалык абал начарлап кете турган болсо, анда парламент өзүн сактоого далалат кылышы мүмкүн: "Бизде бир нерсе оңунан чыкпай калса, дайыма премьер-министр күнөөлүү".
"Эгер абал таптакыр начарлап кетсе, Сариевди курмандыкка чалып коюшат. Ушундай бир жакшы кыргыз салты бар. Өкмөт башчысынын талуу жери — ага карата урулган соккулар президентке тийишинде. Сариевди президенттин кишиси деп карашкандыктан, анын өз алдынча платформасы жана (күчтүү) партиясы жок", — деп эсептейт саясат таануучу.
Бирок ошону менен катар Марс Сариев өкмөт башчысынын колунда чоң көзүр бар деген пикирде.
"Бул – чек арадагы окуя. Элдин көңүлү учурда ошол жакка бурулган. Азыр баш кошуп, бир билек болуу керектигин баары түшүнөт. Ошондуктан оппозиция өзүнүн бардык ресурстарын колдоно албайт. Бул Темир Сариев үчүн ыңгайлуу шарт болду", — дейт саясат таануучу.
Башка серепчи Алмазбек Акматалиев болсо башкаруунун парламенттик түрү үчүн өкмөттүн үзгүлтүксүз алмашып туруусу мүнөздүү деп эсептейт.
Саясатчынын пикиринде, өкмөт башчынын ордун ээлей турган талапкер азырынча жок.
Кабмин өзүнүн кетишине себеп жок дейт
Өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Назира Ахмедова кабинеттин отставкага кетиши мүмкүн деген маалыматты айрым адамдардын саясий оюну деп атады.
"Отставка үчүн азыр объективдүү себеп жок. Өкмөттүн таркатылышы мүмкүндүгү жөнүндө айрым саясатчылар менен эксперттердин пикирлери жана түрдүү божомолу — бул жөн гана саясий оюн, ал өлкө менен карапайым элдин кызыкчылыктары менен эч байланышы жок жеке саясий амбицияларын канааттандырууга багытталган", — деди Ахметова.
Мурдакы эсептөөлөр боюнча, Кыргызстандын ар бир премьер-министри өз кызматында орто эсеп менен 10 айдан иштеген.