БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээтен тарта аба-ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн аталган мекеме билдирди.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча Кыргызстанда бир нече күнкү жылуулуктан кийин абанын температурасы кескин төмөндөй турганын божомолдогон.
Министрликтин күжүрмөн даярдыкка өтүүсү тууралуу буйрукка министр Кубатбек Боронов кол койгон.